Жалал-Абад облусундагы жол кыймылды көзөмөлдөө үчүн 10 унаа берилди
Бүгүн, 2-мартта Жалал-Абад ОИИБге ИИМден Жалал-Абад облусундагы жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн бөлүнүп берилген Шевролет Нексия үлгүсүндөгү атайын жабдылган 10 даана кызматтык унаалар тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Аталган унаалар облустун алыскы делген Чаткал районунан тартып, Бишкек-Ош жолун тейлеген шаар-райондорго жана облустук жол көзөмөлдөө тобунун кызматкерлерине бекитилип, ачкычтары салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Жалал-Абад ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Ашим Тагаев ачкычтарды тапшырып жатып: «Бул кызматтык автоунаалар сиздерге элибизге жана жол кыймылын көзөмөлдөөдө кызмат кылууга берилип жатат. Андыктан айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин мыкты деңгээлде жүргүзүп, сылык мамиле жасап, ак ниеттүүлүк менен кызмат көрсөтүңүздөр», - деди.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="100766,100767,100768,100769,100770,100771,100772,100773"]