Исхак Масалиев: "Атамбаевге барып, андан кабар алдым, бирок кечирим сураган жокмун"
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Назгүл Мамытова соцтармактагы баракчасына депутат Исхак Масалиевдин №47 түзөтүү мекемесине барып, Атамбаев менен жолугуп, андан кечирим сураганын жазып чыкты.
"Исхак Масалиев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселесин көтөрүп чыгып, эң башында турган. Мына эми ошол Масалиев кечээ жакында №47 колонияга кирип, Алмаз Шаршеновичтен ошол кылганы үчүн кечирим сурап чыгыптыр. Ошол үчүн саясатчылар ар бир ишти жасарда заказ аткарбай ойлонуп, иш кылуу керек экенин аңдап билип алсаңар... Кеч болсо да Масалиев эрдик кылыптыр", - деп жазды ал.
Ал эми Исхак Масалиев Фейсбуктагы баракчасына Атамбаевге барганын, бирок кечирим сурабаганын жазып чыкты. "Өткөн жумада Алмаз Атамбаевден 47-колонияга барып, кабар алып койдум. Ушул нерседен саясат издеп эмне кереги бар? Мен 2000-жылы президенттик шайлоодо ал кишиге активдүү жардам бергем. Аскар Акаевди кызматтан кетирүүгө Алмаз Шаршеновичтин салымы аз эмес. Убакыт келгенде өзү да президент болду. Кетирген каталар бар, аны өзү да билет. Алмаз Шаршеновичке барганымды айтпай эле жүрдүм, бирок маалымат жарыкка чыккандан кийин тактап койсом.
Биринчиден, кечирим сураган эмесмин, өзүмдү күнөөлүү деп эсептебейм. Президенттик кол тийбестигин алганда мен толук алып коёлу дегем. Бирок менин кесиптештерим Соке (ред. Сооронбай Жээнбеков) бар деп, атайын шарт менен алынсын деген пикирди сунуштап, кабыл алышкан. Мен каршы чыктым. Азыр да кайталап койсом ашыктык болбойт. Президент кызматын тапшыргандан кийин, эч кандай кол тийбестик болбосун, жөнөкөй жаран катары жооп берсин! Бул тартип бир гана Атамбаевге тийиштүү эмес, бардык президенттерге таанымал.
Экинчиден, мурдатан эле камакта отурган саясатчылардан кабар алып жүргөм. Исмаил Исаков, Өмүрбек Текебаев, Элмурза Сатыбалдиев жана башкалар. Ошол эле Садыр (ред. Садыр Жапаров) боюнча Сооронбай Жээнбековго кат жазып кайрылгам. Өзүмдүн башымдан ушундай балакет 2010-жылда өткөн, ошондуктан эркиндиктин баасын жакшы түшүнөм. Өзгөчө саясий көз карашы үчүн камалганы туура эмес. Жеке пикирим ушул. Алмаз байке экөөбүз узак сүйлөштүк. Мурдагы таарынычтырды унутуш керек, турмуш алдына кете берет деген ойго келдик. Эмнеси жаман? Ал кишиге бекем ден соолук каалайм. Мойнуна койгон көптөгөн кылмыш иштеринин көпчүлүгү туура эмес, алар үчүн жооп бере турган кишилер башка. Аны ачык эле айтып турам. Келгиле достор, "бөйрөктөн шыйрак чыгарбай" эле коёлу, жөнөкөй иштен саясат кылбай. Ким билет, убакыт келгенде азыркы өлкөнү башкарган жигиттерден да кабар алып калышыбыз мүмкүн ошондо жактоочулар кайда болот? Адам бололу достор..." - деп жазды ал.