Abank
SerepTV Logo

Эскертүү! Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Эскертүү! Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн
18-июлдан 22-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз! - арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз; - турак үй жайгашкан жерде жаан суулары - агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз; - Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз; - сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз; - мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.