Royal
SerepTV Logo

Эрулан Кокулов: "Мага азыр базарга барууга кажет деле жок"

Эрулан Кокулов: "Мага азыр базарга барууга кажет деле жок"
Президент Садыр Жапаров мындан эки күн мурун «Дордой» жана «Ош базарына» барды. «Өлкө башчысынын базарга барышы — Министрлер кабинетинин иши чабалдыгынан улам болуп жатат» дегендер болду.

SUPERTV каналы бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын оюн угуп, алардын акыркы жолу качан базарга баргандыгы тууралуу сурамжылоо жүргүздү.

Депутат Эрулан Кокуловдун айтымында, президент базарга барып, туура кылган. "Ушинтип элге чыгып турса, туура го дейм", - деди ал. Ал эми ал өзү базарга көптөн бери бара электигин айтты. "Билесиңер да, менин базарга эмнеге барат экенимди. Көптөн бери бара элекмин. Базарга барууга азыр менде кажет жок", - деди ал. https://youtu.be/l1ZE-zAruRQ