Abank
SerepTV Logo

16-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

16-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 16-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облусунун кээ бир райондорунда  кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ош облусунун кээ бир райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…-7; Талас облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7; Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10 суук болот. Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз -2…-4 градус болот.