Royal
SerepTV Logo

12-апрелге карата өлкөдөгү аба ырайы

12-апрелге карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 12-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26; Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +15…+20, күндүз +23…+28; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23; Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23; Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +21…+23 градус болот.