Royal
SerepTV Logo

Эртең, 31-августта Бишкекте автобустар түнкү 2ге чейин каттайт

Эртең, 31-августта Бишкекте автобустар түнкү 2ге чейин каттайт
Эртең, 31-августта борбордук "Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Майрамдык иш-чаралар түнкү саат экиге чейин уланат, буга байланыштуу борбор калаанын тургундары жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн коомдук транспорт уюштурулат. Ошентип, майрам күндөрү муниципалдык автобустар түнкү саат 02:00гө чейин каттайт. Төмөнкү көчөлөргө чектөөлөр киргизилет:
  • Чүй проспектиси, Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
  • Фрунзе көчөсү, Эркиндик бульварынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
  • Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү, Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
  • Ибраимов көчөсү, Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин. Мындан тышкары, Айтматов жана Манас проспектилери жана Байтик Баатыр, Абдрахманов көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилет.