Эгемендүүлүк күнү: "Ала-Тоо" аятында 501 бала жоголуп, кайра баары табылды
Эгемендүүлүк күнүнө карата болгон майрамдык иш-чаралар аяктап, терс окуялар болгон жок. Бул тууралуу милициядан билдиришти.
Бишкек шаарынын, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын жана башка ички иштер органдарынын 5000ден ашуун милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгын жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө учурунда коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылышты. Майрамдык иш-чаралар башталгандан тартып аяктаганга чейин ички иштер министри жана анын бардык орун басарлары кырдаалды көзөмөлдөп турушту.
Борбор калаадагы майрамдык иш-чаралар түнкү саат 02:00дө аяктап, терс окуялар болгон жок. Иш-чаранын жүрүшүндө 501 бала жоголуп, бардык балдар милиция кызматкерлери тарабынан ата-энелерине аман-эсен өткөрүп берилди.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="251383,251384"]