Abank
SerepTV Logo

"Дүкөнгө чыгып кеткен". Чүйдө 15 жаштагы кыз дайынсыз болуп жатат

"Дүкөнгө чыгып кеткен". Чүйдө 15 жаштагы кыз дайынсыз болуп жатат

Сокулук районунда Амина Поскребышова дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

5-июль күнү Сокулук РИИБге жаран кайрылып, 2009-жылы туулган Амина Поскребышова аттуу небереси ошол эле күнү саат 19:00 чамасында дүкөнгө чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенини билдирип, таап берүүнү суранган.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн-билген болсо, 03134 5-33-80, 0312-60-75-67 (нөөмөт бөлүмү), 0708-18-46-57 же 102 кызматына чалсаңар болот.