Royal
SerepTV Logo

Дүйшөмбүдө эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү

Дүйшөмбүдө эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү
Жетишилген макулдашууларга ылайык, 5-10-апрелде Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки мамлекеттин өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду. Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн.