Abank
SerepTV Logo

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргыз кураманын формасы даяр болду

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргыз кураманын формасы даяр болду
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган курама командалардын параддык жана спорттук экипировкасы даяр. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти. 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага Кыргызстандан 183 спортчу катышат. Параддык форманы курама команда 8-сентябрь күнү V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде кийип чыгат. Параддык жана спорттук экипировканы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ата-мекендик компания даярдаган. Жалпы экипировка 10 элементтен турат: атайын параддык форма ( калпак, блейзер-пиджак, поло футболка, шым), спорттук форма ( кепка, бомбер куртка, футболка, карго шым, спорттук бут кийим, рюкзак).
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)