Доллардын курсу эмне үчүн ылдыйлап жатат? Улуттук банктын жообу
Соңку эки күндөн бери доллардын курсу ылдыйлап жатат. Бүгүн, 18-мартта Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында долларды сатып алуу 92-95 сомдун тегерегин түзүп, ал эми сатуудагы баасы 95-97 сомдун айланасын түзүп жатат.
Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева "Биринчи радионун" эфиринде суроолорго жооп берип, өлкөдөгү валюталык курс суроо-талап менен сунуштун негизинде түзүлөрүн айтты. "Чет өлкөнүн валютасы деле товар. Соңку окуяларга байланыштуу чет өлкөнүн валюатасына болгон суроо-талап жогорулап кетти. Мындан улам, Улуттук банк 4-10-март күндөр аралагында валюталык базарга 114 миллион доллар сатты. Азыр рыноктун катышуучулары чет өлкөнүн валютасына "тойгон" абалда. Керектөө кандайдыр бир деңгээлде дүрбөлөңгө түшүүдөн келип чыкты", - дейт Улуттук банктын расмий өкүлү.