Abank
SerepTV Logo

Депутат: "Унаамдан кийимге чейин балдарым алып берет"

Депутат: "Унаамдан кийимге чейин балдарым алып берет"
Президент Садыр Жапаров мындан эки күн мурун «Дордой» жана «Ош базарына» барды. «Өлкө башчысынын базарга барышы — Министрлер кабинетинин иши чабалдыгынан улам болуп жатат» дегендер болду.

SUPERTV каналы бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын оюн угуп, алардын акыркы жолу качан базарга баргандыгы тууралуу сурамжылоо жүргүздү.

Депутат Акбөкөн Таштанбековдун айтымында, президент өз коопсуздугун карап, базарга барбашы керек болчу. "Бардык маалыматты интернет желесинен эле билсе болот да", - деди ал. Ал мындан тышкары, базарга жубайы барарын, кийим, азык-түлүктү балдары алып берерин билдирди. "Чындыгында бааларын сурабайт экенмин. Унаамдан баштап, кийимиме чейин балдарым алып берет", - деди. https://youtu.be/l1ZE-zAruRQ