Депутат Медер Алиев: "Аялым кулак-мээмди жебесин деп, бир айга жеткидей азык-түлүк алып коём"
Президент Садыр Жапаров мындан эки күн мурун «Дордой» жана «Ош базарына» барды. «Өлкө башчысынын базарга барышы — Министрлер кабинетинин иши чабалдыгынан улам болуп жатат» дегендер болду.
SUPERTV каналы бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын оюн угуп, алардын акыркы жолу качан базарга баргандыгы тууралуу сурамжылоо жүргүздү.
Депутат Медер Алиевдин айтымында, өлкө башчынын базарга барганын эл баалаганын байкаган. "Менин оюмча базарга барганы туура эле болду" деди ал. Ал ошондой эле Жогорку Кеңешке депутат болгондон бери базарга барууга мүмкүнчүлүгү болбой жатканын айтты. "Эртеден түнгө чейин ушул жакта кагаз менен отурам. Бир айга жете турган азык-түлүк алып коем. Аялым кулак-мээмди жебесин деп бир айга алам", - деди ал. https://www.youtube.com/watch?v=l1ZE-zAruRQ