Royal
SerepTV Logo

Депутат Масалиев: "Акыркы жолу базарга дем алыш күнү баргам. Этти 480 сомдон алдым"

Депутат Масалиев: "Акыркы жолу базарга дем алыш күнү баргам. Этти 480 сомдон алдым"
Президент Садыр Жапаров мындан эки күн мурун «Дордой» жана «Ош базарына» барды. «Өлкө башчысынын базарга барышы — Министрлер кабинетинин иши чабалдыгынан улам болуп жатат» дегендер болду.

SUPERTV каналы бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын оюн угуп, алардын акыркы жолу качан базарга баргандыгы тууралуу сурамжылоо жүргүздү.

Депутат Исхак Масалиев өлкө башчынын базар кыдырганын Министрлер кабинетинин иши чабалдыгынан улам болду деп эсептебейт. Анткени өкмөттүн тагдырын президент чечет. Ал акыркы жолу базарга дем алыш күнү барганын айтты. "Мен эт алганда баасы 480 сом болчу", - деди ал. https://youtu.be/l1ZE-zAruRQ