Abank
SerepTV Logo

Депутат Мамасадыков алтын медаль уткан спортчу менен жолугушту

Депутат Мамасадыков алтын медаль уткан спортчу менен жолугушту
Депутат Замирбек Мамасадыков Татарстандын Казань шаарында өткөн эл аралык БРИКС спорттук оюндарында бел боо күрөшү боюнча алтын медаль уткан спортчу Садыралы уулу Нурлан менен жолугушту.
Эл өкүлү спортчуга “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясынын Ардак грамотасын жана чакан белектерин тапшырды. Аталган мелдеш 12-23-июнь күндөрү Казанда өтүп, ага 90 мамлекеттен барган 4751 спортчу катышкан. Кыргызстандан барган спортчулар жалпы 51 медаль жеңишкен.