Abank
SerepTV Logo

Депутат Калпаев: "Айгүл-Таш - Согмент жолун асфальттоо башталат"

Депутат Калпаев: "Айгүл-Таш - Согмент жолун асфальттоо башталат"
Транспорт министрлиги тарабынан колдоого алынып, жакынкы арада Айгүл-Таш - Согмент жолунун биринчи этабын асфальттоо башталат. Бул тууралуу депутат Бактыяр Калпаев соцтармактагы баракчасына жарыялады. "Баткендеги элибиз Сох анклавы аркылуу өтпөш үчүн альтернативдүү Айгүл-Таш – Согмент жолун асфальттоо жөнүндө маселени көтөргөн болчумун. Кудай буюрса, демилге колдоого алынды", - деп жазды эл өкүлү.