Royal
SerepTV Logo

Депутат Динара Ашимова Индияга болгон иш сапарында бир катар жолугушууларды өткөрдү

Депутат Динара Ашимова Индияга болгон иш сапарында бир катар жолугушууларды өткөрдү
Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова 20-24-август күндөрү Индияга болгон жумушчу сапарынын алкагында бир нече мусулман ишкерлери менен жолугушууларды өткөрдү.
Динара Ашимова өз сөзүндө чет элдик ишкерлерге Кыргызстан, анын ажайып кооз жаратылышы, мүмкүнчүлүктөрү жана меймандос эли тууралуу малымат берип, өлкөгө инвестияция тартуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мындан тышкары эл өкүлү Мангалур шаарында жайгашкан Yenepoya университетинин билим сапатын жана атайын базасын менен таанышты. Депутат азыркы учурда Кыргыз Республикасынын саясаты билим экспортун өнүктүрүүгө багытталып жатканы талашсыз экендигин билдирди. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="251006,251003,251001,251002,251004,251005"]