Abank
SerepTV Logo

Депутат Балбак Түлөбаевдин атасы 95 жашында көз жумду

Депутат Балбак Түлөбаевдин атасы 95 жашында көз жумду
Депутат Балбак Түлөбаевдин атасы Түлөбай уулу Зарлык 95 жашында көз жумду. Бул тууралуу юрист Канат Хасанов соцтармактагы баракчасына жазып чыкты. "Балбак иним, атаңдын арты кайрылуу болсун, Жараткан жайын бейишинен берсин", - деп жазды ал. Мындан тышкары, бул тууралуу соцтармактагы баракчасына спортчу Дастан Шаршеев да жазып чыкты.  "Бүгүн 95 жашында Түлөбай уулу Зарлык атабызды ээсине тапшырдык. Жайы жаннаттан болсун!" - деп жазды ал. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Балбак Түлөбаевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.