Royal
SerepTV Logo

Чүйдө 37 жаштагы жаран 21-марттан бери дайынсыз болууда

Чүйдө 37 жаштагы жаран 21-марттан бери дайынсыз болууда
Дайынсыз болуп жаткан Рысалиев Мирбек Жекшенбекович изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Жаран 21-мартта Канттагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. Белгилери: бою 165-170 сантиметр, арык, оң бутунун тизесинде тырык бар. Кийген кийими: кара куртка, кызыл түстөгү көйнөк, кара шым, кара бут кийим. Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85 номурларына чалсаңыздар болот.