Чүйдө 14 жаштагы Мирай Акматбекова дээрлик 2 жумадан бери дайынсыз болууда
Чүйдө 14 жаштагы Мирай Акматбекова 31-январдан бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Акматбекова Мирай Азатовна Кырман жаңы конушундагы үйүнөн чыккан бойдон кайрылып барган эмес.
Белгилери: бою 150-155 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы карэ, көзү күрөң түстө.
Кийген кийими: спорттук шым, көк куртка, бутунда кара түстөгү ботинка.
Кимде-ким сүрөттөгү кызды көргөндөр болсо, 0(312) 36-35-27, 0(550) 34-33-63, 0(504) 77-22-77 номурларына кайрылыңыздар.