Royal
SerepTV Logo

Чоң Чүй каналынан изделип жаткан 3 жашар баланын ата-энеси президентке кайрылды

Чоң Чүй каналынан изделип жаткан 3 жашар баланын ата-энеси президентке кайрылды
Ысык-Атанын Дружба айылынан аккан Чоң Чүй каналынан 3 жашар бөбөк изделип жатат. Буга чейин милиция маалымат берген. «19-августта саат 18:46 чамасында милицияга Ысык-Ата районунун Дружба айылында 2021-жылы туулган бала үйүнөн чыгып кетип, кайрылып барбаганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты катталып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо жөнөп кеткен. Иш-чаранын жүрүшүндө Чоң Чүй каналынын жээгинен ага таандык бут кийим табылып, азыркы учурда ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте 3 жаштагы баланы издөө иштери жүрүүдө», — дешкен. Социалдык тармакта атасымын деген кишинин кайрылуусу тараган. Ал уулу 19-августтан бери дайынсыз болуп жатканын айтып, издөө иштерине жардамдашып жаткан жарандарга ыраазычылык билдирген. Атасы кайра кайрылуу жасап, анын уулу дагы эле табыла элек экенин айтып, элден жардам сураган.  Баланын ата-энеси өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты. "Балабыздын сөөгүн табуу үчүн Чоң Чүй каналынын суусун болушунча азайтып турууну суранабыз. Уулубузду табууга көмөк сурайбыз", - деди атасы.