SerepTV Logo

Чек арадагы чырдан жаракат алгандардын саны 13 кишиге жетти

Чек арадагы чырдан жаракат алгандардын саны 13 кишиге жетти
Чек арадагы чырдан жаракат алгандардын саны 13 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Жабырлануучулардын баары Баткен облустук бириккен ооруканасына жаткырылды жана алардын абалы орто оордукта деп бааланууда. Алар тийиштүү дарыланууну алып жатышат. Кечээ, 28-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 11 аскер кызматкери жаракат алганын айткан. Кийин Саламаттыкты сактоо министрлигинен Баткен облусунда жаракат алгандардын саны 12 кишини түзгөнүн маалымдашкан.