SerepTV Logo

Чек арадагы чырдан жаракат алган 12 адамдын абалы тууралуу министрлик маалымат берди

Чек арадагы чырдан жаракат алган 12 адамдын абалы тууралуу министрлик маалымат берди
Бүгүн, 28-январь саат 14:30га карата Баткен облусунда жаракат алгандардын саны 12 кишини түздү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты. Жабырлануучулардын баары Баткен облустук бириккен ооруканасына жаткырылды жана алардын абалы орто оордукта деп бааланууда. Алар тийиштүү дарыланууну алып жатышат. Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 11 аскер кызматкери жаракат алганын айткан.