Бүгүн, 10-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовдун баш коргоо чарасы каралды. Ал райондук соттун чечими менен эки айга камакта калтырылды.
8-февралда кечинде «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовду кармап кетишкен. Ал эми кечээ, 9-февралда УКМК маалымат таратып, ал бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого шектелип жатканын билдиришкен.