Abank
SerepTV Logo

БУУнун Башкы Ассамблеясы Украинадагы абал боюнча резолюция кабыл алды. Кыргызстан кандай добуш берди?

БУУнун Башкы Ассамблеясы Украинадагы абал боюнча резолюция кабыл алды. Кыргызстан кандай добуш берди?

БУУнун Башкы ассамблеясы Орусиянын Украинага басып киришин айыптап, Орусиядан аскерлерин Украинадан токтоосуз чыгарып кетүүсүн талап кылган “Украинага каршы агрессия” резолюциясын кабыл алды.

141 өлкө макул, 5 өлкө каршы добуш берди: Орусия, Беларусь, Түндүк Корея, Эритрея, Сирия. 35 өлкө, анын ичинде Кыргызстан, Армения, Кытай, Конго, Мадагаскар, Монголия, Пакистан, Сенегал, Казакстан, Тажикстан, Индия, Түштүк Африка Республикасы, Иран, Ирак позициясын ачыктаган жок.