Royal
SerepTV Logo

БШК Мариповду жеңүүчү деп тапты

БШК Мариповду жеңүүчү деп тапты
Кечээ, 5-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу №5 Ноокат округу боюнча өткөн шайлоодо көп добуш алган талапкер Бакытбек Мариповду жеңүүчү деп тапты. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы №29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайлоодо Жумабек Салымбековду жана №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча шайлоодо Айжигит Тыналиевди жеңүүчү деп тапкан. 30-июнда Ноокат, Свердлов жана Ысык-Көл округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өттү.