Abank
SerepTV Logo

"Болжолдуу 25-30 жашта". Милиция Чолпон-Атада жансыз денеси табылган жарандын атын тактоого жардам сурайт

"Болжолдуу 25-30 жашта". Милиция Чолпон-Атада жансыз денеси табылган жарандын атын тактоого жардам сурайт
Ысык-Көлдүн милициясы каза болгон эркек кишинин аты-жөнүн аныктоого жардам сурайт. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Малыматка караганда, 23-февраль күнү Чолпон-Ата шаарынын түштүк тарабында жайгашкан аймакта табылган европалык түспөлдөгү белгисиз эркек адамдын аты-жөнүн аныктоо үчүн Ысык-Көл РИИБи жарандарга кайрылат. Денесин кароо учурунда криминалдык тактар аныкталган эмес. Белгилери: болжол менен 25-30 жашта, бою 168-170 сантиметр, арык, көздөрү күрөң, каштары кара, чачы кыска жана сары түскө боёлгон. Кийген кийими: кара түстөгү кыска куртка, кара-көк түстөгү шым, ак көйнөк, кара түстөгү кроссовка. Кимде маалымат болсо, 0502106767, 0709203087, же болбосо 102 кызматына кабарлап коюуну өтүнүшөт. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="99760,99761,99762,99763,99764,99765"]