Бишкектин төрт көчөсүнүн тротуарлары оңдолушу мүмкүн
“Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын жети көчөсүнүн тротуарларын оңдоо иштерин пландоодо. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Көчөлөрдүн кесилиш аттары:
- Жибек-Жолу көчөсүнүн түндүк-түштүк тарабы, Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин;
- Чүй көчөсүнүн түндүк-түштүк жагы, Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин;
- Абдрахманов көчөсүнүн чыгыш-батыш жагы, Ахунбаев көчөсүнөн Жибек-Жолуна чейин;
- Абдрахманов көчөсүнүн чыгыш-батыш тарабы, Киев көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин,
- Манас проспектисинин чыгыш-батыш тарабы, Чыңгыз Айтматов көчөсүнөн Жибек-Жолу жана Ахунбаев көчөсүнө чейин;
- Жаш Гвардия бульварынын чыгыш-батыш тарабы, Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу көчөсүнө чейин;
- Ахунбаев көчөсүнүн түштүк-түндүк тарабы, Жукеев-Пудовкина көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов көчөсүнө чейин.