Abank
SerepTV Logo

Бишкектин жолдорун оңдоо: Исанов көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкектин жолдорун оңдоо: Исанов көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды
Исанов көчөсүнүн Ташкент көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлүп, унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эски асфальтты алып, 2 катмар ысык асфальт төшөп, жээк таштарды, ирригациялык системаны орнотушту, ошондой эле кудуктарды жолдун деңгээлине көтөрүп, эки тараптагы тротуарларды оңдоп, жол белгилерин түшүрүштү.