Royal
SerepTV Logo

Бишкектин Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат

Бишкектин Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат
Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда. 18-июлдан тарта Чүй проспектисинде жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталат.
Капиталдык оңдоонун биринчи этабында Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат.
Чүй проспектисинде жол тилкеси Манас проспектисинен Т.Айтматов көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.