Бишкектен 430 жаран ажылык амалын аткаруу үчүн Сауд Араб Падышалыгына жөнөп кетти
Бүгүн, 7-июнь күнү ажылык ибадатын аткаруу үчүн аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу Бишкек-Медина багыты боюнча Манас эл аралык аэропортунан учуп кетишти. Бул тууралуу муфтияттан маалымдашты.
«Учурда Ош-Медина, Ош-Жидда багыты боюнча учуп кеткен 3000 жараныбыз ыйык жайларга аман-эсен барышты. Ал эми Бишкек шаарынан бүгүн алгачкы каттам учуп жатат. Эң акыркы каттам 10-июнда аткарылат», - деди муфтий Абдулазиз Закиров.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров ажылыктын шарттарын жакшыртууда мекемелер аралык комиссия бардык күчүн жумшап жаткандыгын айтып, мекендештерибизге ак жол каалады.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="243290,243291"]