Royal
SerepTV Logo

Бишкектеги аялдамаларды самындап жууп жатышат (видео)

Бишкектеги аялдамаларды самындап жууп жатышат (видео)
Аялдамаларды жууп-тазалоо улантылууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. «Тазалык» ишканасы шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Ишкананын кызматкерлери шаардын бардык райондорунда аялдамаларды жууп-тазалоону улантууда. Сиздер көрүп турган Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эң чоң аялдамалардын бири жуулуп-тазаланды. Буга чейин бул аялдаманын ичине атайын таштандыны иргөөчү урналар коюлган. Бирок урнанын айланасын булганып, тазалык сакталган эмес. Ошондуктан урналар алып салынды.