Royal
SerepTV Logo

Бишкекте Украинаны колдогон кезектеги митинг болуп өттү

Бишкекте Украинаны колдогон кезектеги митинг болуп өттү
Бүгүн, 26-мартта Бишкекте Максим Горький атындагы сейил бакта Украинаны колдогон кезектеги митинг болуп өттү. Митингдин катышуучулары "Нет войне!", "Кыргызстан с Украиной" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгышты. Анын жүрүшүндө жарандык активист, журналист Адил Турдукулов Кыргызстан ЖККУ менен ЕАЭБдин курамынан чыгышы керектигин айтты. Буга чейин бир канча ирет Украинаны колдогон митинг Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында болуп өткөн. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="103180,103181"]