SerepTV Logo

Бишкекте жол тескөөчүлөрдүн наристени куткарып калганы айтылды

Бишкекте жол тескөөчүлөрдүн наристени куткарып калганы айтылды
Милициянын кайгуул кызматы социалдык тармактагы баракчасына ыраазычылык катты жарыялады. Андагы маалыматка караганда, кайгуулчулар наристенин өмүрүн сактап калышкан. "10-сентябрда болжол менен саат 18:00 чамасында наристе какап баштады. Манас менен Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде, унаа тыгыны башталды. Ошол жерде турган кайгуулчулар унаага отургузуп, баланы 3-балдар ооруканасына жеткирип беришти. Мен аларга ыраазчылык билдерем", - деп жазылган катта.