Бишкекте изделип жаткан 84 жаштагы аял табылды
Милиция буга чейин дайынсыз болуп изделип жаткан Кундузай Дандыбаеваны тапты. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 22-апрелде милицияга кызы кайрылып, 84 жаштагы апасы ошол эле күнү Бишкек шаарындагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып барбаганын билдирген. 25-апрелде Бишкектин тургунунан чалуу болуп, улгайган аял кишини көргөнүн айткан. Кызы барып, апасын аман-эсен таап, үйүнө алып кетти.