Royal
SerepTV Logo

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан классташ кыздар Караколдо табылды

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан классташ кыздар Караколдо табылды
Буга чейин дайынсыз болуп изделип жаткан кыздар Каракол шаарынан табылды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. 22-апрелде Биринчи Май РИИБге аял киши кайрылып, 2011-жылы туулган кызы дайынсыз болуп жатканын айтып, жардам сураган. Кыз классташы менен чогуу дайынсыз болуп, байланышка чыкпай жаткан. Аталган факт каттоого алынып, издөө иштери башталган. 22-апрелде кечинде Каракол шаарынын тургуну кыздарды көргөнүн айтып, телефон чалган. Кыздарды туугандары алып кетишкен. Ысык-Көл ОИИБ окуянын чоо-жайын териштирип жатышат.