Royal
SerepTV Logo

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан эне менен кыз Токтогулда табылды

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан эне менен кыз Токтогулда табылды
Буга чейин дайынсыз болуп, изделип жаткан эне менен кыз Токтогулда табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. 21-апрелде милицияга аял киши кайрылып, анын 26 жаштагы сиңдиси 6 жаштагы кызы менен дайынсыз болуп жатканын айтып, арыз жазган. Маалыматка караганда, эне менен кыз аман-эсен Токтогулдан табылган. Алар Токтогулга таанышына барышкан.