Abank
SerepTV Logo

Бишкекте Ахунбаев көчөсү 18-июнда ачылат

Бишкекте Ахунбаев көчөсү 18-июнда ачылат
Борбор калаада Ахунбаев көчөсүнүн Ч.Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Бүгүн, 15-июнда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте бул тилкедеги иштердин аякташын текшерди. Көчөлөр 18-июнда унаа кыймылы үчүн ачылат. Ахунбаев көчөсүнүн Ч.Айтматов проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө иштерди жүргүзүп жаткан подрядчик «ДорСтройГрупп» ЖЧКсы. Ишкана оңдоо иштерин мөөнөтүнөн 10 күн мурда бүтүргөн. Муниципалитет төмөнкү көчөлөрдө жолдорду реконструкциялоо иштерин жүргүзүүнү пландоодо:
- Манас проспектисинен Чүй проспектиси менен Т.Айтматов көчөсүнө чейин;
- Ж.Абдрахманов көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинен А.Масалиев көчөсүнө чейин;
- И.Ахунбаев көчөсү менен Ч.Айтматов проспектисинен Ж.Пудовкин көчөсүнө чейин;
- М.Горький көчөсү менен Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин;
- Юнусалиев көчөсү менен Сух-Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="243875,243879,243873,243874,243878,243876,243877"]