Бишкекте 9-майда аскердик парад болбойт
Бишкек шаарында 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштун 77 жылдыгына арналган парад болбойт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Ошол күнү "Жеңиш" сейил багында эскерүү иш-чарасы өтөт. Ошондой эле гүлчамбар коюу аземи, «Өлбөс полктун» жөө жүрүшү болот.