Abank
SerepTV Logo

Бишкекте 7-кабаттан кулап, көз жумган жарандын аты-жөнү тактала элек

Бишкекте 7-кабаттан кулап, көз жумган жарандын аты-жөнү тактала элек
Бүгүн, 15-апрелде ӨКМ маалымат таратып, Бишкектин Октябрь районунда эркек киши 7-кабаттын терезесинен кулап көз жумганын билдирген. Ал 1-кабаттын чатырына түшүп, көз жумганы маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Октябрь РИИБден маркумдун аты-жөнү тактала электигин билдиришти. "14-апрелде Бишкек ШИИБдин "102" кызматына Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги үйлөрдүн биринин 7-кабатынан эркек киши кулаганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине милиция кызматкерлери барып, эркек кишинин жансыз денесин аныкташкан. Кароо учурунда криминалдык тактар байкалган эмес. Факт каттоого алынган. Учурда маркумдун аты-жөнү такталып жатат",- деп айтылат маалыматта.