Royal
SerepTV Logo

Бишкекте +39. 27-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Бишкекте +39. 27-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 27-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +21…+26, күндүз +35…+40, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +33…+38, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +35…+40, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33. Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын  температурасы түнкүсүн +23…+25, күндүз +37…+39 градус болот.