Royal
SerepTV Logo

Бишкекте 13 жаштагы Ариет 5 күндөн бери дайынсыз болуп жатат

Бишкекте 13 жаштагы Ариет 5 күндөн бери дайынсыз болуп жатат
Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан Ариет Алимбаев дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. 16-августта Ленин РИИБге анын апасы кайрылып, 2011-жылы туулган уулу 15-августта Ала-Тоо конушундагы үйүнөн чыккан бойдон кайрылып барбаганын билдирген. Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0(312) 35-29-47, 0(777) 86-97-97,0(700) 86-09-09, 0(773) 90-94-65 жана 102 номурларына чалсаңар болот.