Бишкекке Asman Airlines компаниясынын биринчи учагы конду
Мамлекеттик Asman Airlines компаниясынын биринчи учагы Бишкекке конду. Bombardier Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү учак Кыргызстандын ичиндеги каттамдарды аткарат. Бул тууралуу "Спутник" жазды.
Буга чейин жүргүнчүлөр үчүн 1-каттам 27-сентябрда Бишкек-Ош багыты боюнча аткарылары, билет баасы 3100 сом болору маалымдалган.
Ошондой эле Asman Airlines жакында Кыргызстандын башка аймактарына каттамдарды аткара баштайт. Андагы билет баалары:
?Бишкек — Жалал-Абад – 3100
?Бишкек — Талас – 2100
?Бишкек— Баткен – 3300
?Бишкек — Раззаков – 3300
?Бишкек — Казарман – 3100
Компания Каракол менен Нарынга учактар кышка чукул каттай турганын айтып, азырынча бул жактарга билет акысы каралып жатканын белгиледи.