Royal
SerepTV Logo

Бишкек мэриясы айрым күндөрү белгилүү номердеги унаалардын кыймылына тыюу салууну сунуштоодо

Бишкек мэриясы айрым күндөрү белгилүү номердеги унаалардын кыймылына тыюу салууну сунуштоодо
Бишкек мэриясы борбор калаа менен Ош шаарларындагы жол тыгынын жоюунун жолун дагы бир ирет сунуштады. Учурда бул эски-жаңы демилге соцтармакта нааразы пикирлерди жаратууда. Анда мамлекеттик номердеги акыркы сандарына карата бөлүп, кезек-кезеги менен айрым күндөрү гана жүрө турган мыйзам долбоору иштелип, коомдук талкууга чыкканын "Спутник" жазды. ▪️ Автоунаанын номери 1 жана 2 саны менен аяктаса, анда аларга дүйшөмбү күндөрү жүрүүгө болбойт ▪️ 3 жана 4 менен аяктагандар — шейшембиде ▪️ 5 жана 6 — шаршембиде ▪️ 7 жана 8 — бейшембиде ▪️ 9 жана 0 — жума күндөрү жүрүүгө болбойт Графикти бузган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салынат. Мындай чектөө саат 07:00дөн 21:00гө чейин киргизилет.