Royal
SerepTV Logo

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык бүгүн, 28-августта күндүн экинчи жарымында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Катуу шамал учурунда электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс, коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз "112" кызматына чалыңыз.