Royal
SerepTV Logo

Билим берүү министри: "3 тилди бирдей билүү керек"

Билим берүү министри: "3 тилди бирдей билүү керек"

3 тилди бирдей билиши керек. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкекте өткөн мугалимдердин август конференциясында билдиргенин Акипресс жазды.

Анын айтымында, булар: кыргыз тили, орус тили жана англис тили. «Ар бир адам мамлекеттик тилде бирдей сүйлөп, бирдей ойлонуп, мамлекеттик-тарыхый жана маданий баалуулуктарды коргошу керек. Биз орус тилин билишибиз керек - бул эл аралык баарлашуунун тили. Биз англис тилин билишибиз керек - бул бизнестин тили, STEM тили. Бүгүнкү күндө жаңы кесиптердин 97 пайызы STEM билиминин негизинде түзүлөт», - деди Кендирбаева.