Abank
SerepTV Logo

Бийликти басып алууга шектелгендерден табылган документ. Депутат эмне дейт?

Бийликти басып алууга шектелгендерден табылган документ. Депутат эмне дейт?
Бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун мүчөлөрүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда бир катар курал-жарактар жана Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевге таандык аскердик билет табылды. Учурда бул боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты. Өз учурунда депутат 2010-жылы башаламандык учурунда аскердик билетин, паспорт, диплом жана башка документтерин жоготуп алганын билдирди. Документтер кийин калыбына келтирилген. Бирок 2020-жылдагы окуялардын жүрүшүндө белгисиз адамдар Жогорку Кеңештин имаратындагы сейфтен бардык документтерин алып чыгып кетишкенин маалымдады.