Abank
SerepTV Logo

Баткендин Айгүл-Таш тоосунда гүлүн ачкан Айгүл! (сүрөт)

Баткендин Айгүл-Таш тоосунда гүлүн ачкан Айгүл! (сүрөт)
Фотограф Зафер Динжер социалдык тармактарындагы баракчасына Баткендин Айгүл-Таш тоосунда гүлүн ачкан Айгүл гүлүнүн сүрөттөрүн жүктөдү. Аталган сүрөтчү Кыргызстандын аймактарынан тартылган керемет кадрларды жарыялап турганы менен белгилүү. Айгүл гүлү Баткен шаарынан 17 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Айгүл-Таш тоосунда өсүп, март айынын башында карды жиреп чыгат, апрель айынын орто ченинде гүлүн ачып, гүлү 10-15 күндөй сакталып турат. Узундугу 50-150 сантиметр, 1ден 20га чейин гүл байлайт. Айгүл гүлү 1978-жылы СССРдин кызыл китебине, 2004-жылы Кыргызстандын кызыл китебине кирген. Ай чыкканда коңгуроо сымал гүлү өйдө көтөрүлүп Айды карап жайылат, Ай батканда жерге ийилип гүлүн жабат. Ошол себептен "Айгүл" деп аталып калган. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="106870,106872,106873,106874"]