SerepTV Logo

Баткенде чек арадагы чырдан улам электр энергиясыз калган айылдарга жарык берилди

Баткенде чек арадагы чырдан улам электр энергиясыз калган айылдарга жарык берилди
Баткенде бардык электр чубалгылар калыбына келтирилди жана айыл тургундардын үйүнө жарык берилди. Орто-Боз көмөк чордону ишке киргенин Энергетика министрлигинен кабарлашты. Кечээ, 27-январда Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдары электр энергиясыз калган. Жарыктын өчүшүнө тажик тараптан ок атылганы себеп болгон. Буга чейин оңдоп-түзөө иштери башталганы жана жергиликтүү милиция кызматкерлери оңдоо бригадаларынын коопсуздугун камсыздап жатышканы маалымдалган.